Жаңылыктар
Көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн себептери такталууда
Кырсык
Көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн себептери такталууда

Бишкектин Фрунзе - Панфилов көчөлөрүнун кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн себептери такталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча өрткө үйдүн түштүк чыгыш тарабындагы бурчта газ менен ширетүү иштеринин жүрүшү себеп болушу мүмкүн. 

Бүгүн атайын эксперттик топ күбөлөрдү сурап, жашоочуларга жолугуп, жеринде иштеп жатат. Ал эми көп кабаттуу үйдүн жашоочулары кезеги менен, батирлеринен документтерин жана керектүү буюмдарын алып чыгып кетип жатышат. Кырсык болгон жерди учурда тартип сакчылары көзөмөлгө алып, коопсуздук чараларын көрүшүүдө. 

Эске салсак, ордо калаадагы Панфилов көчөсү менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан кечээ өрт чыккан. Кырсык тууралуу маалымат кечээ болжол менен кечки саат 9дар чамасында келип түшкөн. Тилсиз жоону токтотуу үчүн дароо 11 топ жөнөтүлгөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча көп кабаттуу үйдүн 3000 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Кырсыктан жабыр тарткандар жок.