Samsung Electronics компаниясынын башкы директору Ли Гун Хи Сеулдун ооруканасында көз жумду. Бул тууралуу “Ренхап” маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ли Гонг Хи 2014-жылы жүрөгү кармап, катуу ооруп калган. Акыркы бир нече жыл ичинде ал компаниянын расмий башчысы болуп, чындыгында Samsung компаниясын уулу Ли Чжэ Ён жетектеген.
Ли Гун Хи 1942-жылы туулуп, 1987-жылы атасынын жана топтун негиздөөчүсү Ли Бён Чолдун ордуна Samsung компаниясынын экинчи төрагасы болуп келген.