Жаңылыктар
Садыр Жапаров чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды
Чек ара
Садыр Жапаров чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алып, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларады талкуулады. 

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын маалыматы боюнча, Тажикстандын жарандары чек аранын талаш тилкесине суу түтүктөрүн орнотуп баштаган. Кыргызстандын чек арачыларынын мындай иштерди токтотуу боюнча бир нече жолку талаптарына Тажикстандын жарандары көнгөн эмес, жыйынтыгында кыргыз тарап асманга эки ирет ок аткан. Азыркы тапта курулуш иштери токтотулган, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр болууда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ички иштер органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди бир гана тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү маанилүү экенин айтты. 

“Чечилбеген көйгөйлөр болбойт. Тигил же бул маселени тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү керек”, - деди ал. Садыр Жапаров ошондой эле коңшу өлкөлөр менен чек ара талаштарын тездетип чечүү зарылдыгына токтолду. Ал жакын арада бардык чек ара көйгөйлөрү боюнча жеринде таанышуу максатында Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына бир нече күнгө иш сапары менен барарын айтты.