Жаңылыктар
АКШ Тоолуу Карабах боюнча жаңы гуманитардык элдешүүнү жарыялады
Дүйнө
АКШ Тоолуу Карабах боюнча жаңы гуманитардык элдешүүнү жарыялады

АКШ Тоолуу Карабах боюнча жаңы гуманитардык элдешүүнү жарыялады. АКШнын мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө айтылгандай, ок атышпоо 26-октябрда Москва убактысы боюнча таңкы саат 7де башталган. 

"АКШ Армения менен Азербайжанды Тоолуу Карабах жаңжалын тынчтык жолу менен чечүү үчүн тышкы иштер министрлери менен Минск тобунун (ЕККУ) теңтөрагалары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөктөштү" деп айтылат билдирүүдө. Эскерте кетсек элдешүү боюнча биринчи аракет 10-октябрда жасалган болчу. 

Андан кийин Армения менен Азербайжандын Тышкы иштер министрлери Москвага кеңешүү үчүн келишкен. Ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюшкан, бирок дароо эле тараптар бири-бирин ок атышпоо келишимин бузду деп айыптап башташкан. 18-октябрда жасалган экинчи аракет дагы ишке ашкан жок. Баку менен Ереван жаңжалдын курчушуна бири-бирин күнөөлөп жатат.