Жаңылыктар
Учурда өлкө боюнча 96 бала бакча иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Учурда өлкө боюнча 96 бала бакча иштөөдө

26-октябрга карата Кыргызстанда 96 мектепке чейинки билим берүү мекемелери ишин улантышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Учурда аймактар боюнча: Жалал-Абад облусунда 10 муниципалдык бала бакча, Ош облусу боюнча 20 муниципалдык бала бакча,  Чүй облусунда 25 жеке менчик бала бакча,  Бишкек шаарында 39 жеке жана 2 ведомстволук бала бакча бар. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу максатында министрлик райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине өкмөттүн 2020-жылдын 11-апрелиндеги №244 токтому менен бекитилген убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына ылайык мекемелерди тартипке келтирүүгө чакырды.

Билим берүү жана илим министрлиги COVID-19 эпидемиясынын шартында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу боюнча ишти улантууда, бул маселе боюнча туруктуу мониторинг жүргүзүлүп жатат.