Венгрияда өткөн дзюдо боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчулар медалсыз калды.
23-25-октябрь аралыгында Будапештте "Чоң шлем" турнири болуп өттү. Кыргызстандын курама командасына 5 спортчу кирген.
Эң мыкты натыйжаны 90 кг салмакта 9-орунду ээлеген Эрлан Шеров көрсөттү.