Жаңылыктар
Улуу дарыгери Эрнст Акрамов 80 жашта
Ден соолук
Улуу дарыгери Эрнст Акрамов 80 жашта

Кыргызстандын улуу жана сүйүктүү дарыгери Эрнст Акрамов бүгүн 80 жашка чыкты. 

Мааракеси менен Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзүн Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев окуп берди. Белгилүү хирург Эрнст Акрамовдун албаган сыйлыгы калган эмес. Улуу инсан кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор, мамлекеттик жана коомдук ишмер, “Данакер” ордени, илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктын лауреаты сыяктуу жогорку сыйлыктарга ээ болгон белгилүү хирургду көпчүлүк эл “Жараткандан жөнөтүлгөн хирург” деп аташат. 

Эрнст Акрамов 56 жылдык иш тажрыйбасында уникалдуу операцияларды кыргызстандыктарга гана эмес, чет эл жарандарына да жасап, кадыр баркка ээ болду. Ушул күнгө чейин 30 миң уникалдуу операция жасап, жүз миңдеген адамдарга экинчи өмүр тартуулады. 

Ошондой эле, ал 130га жакын илимий иштерди жазып, 5 монография жарыялап, ойлоп табуучулугу менен 20дан ашык патент алып, илимдин 11 кандидатын жана докторлорун тарбиялаган. Профессорду ошондой эле, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, парламент депутаттары, жогорку даражадагы чиновниктер, достору, кесиптештери, жүздөгөн бейтаптары жана катардагы жарандар куттуктады. 

Мындан тышкары, Эрнст Акрамовду “Сейтек” өспүрүмдөр жана балдар улуттук борборунун талантуу жаштары куттуктады.