Жаңылыктар
Ысык-Көлдө мыйзам бузган жети пансионатка айып пул салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө мыйзам бузган жети пансионатка айып пул салынды

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция Ысык-Көлдөгү пансионаттарга 250 миң сом айып салды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин кайрылуусунун негизинде Бостери, Кош-Көл,Тамчы, Кара-Ой жана Сары айылдарында жайгашкан атайын уруксаттын (лицензиянын) өзгөчө шарттарын бузган жер астындагы сууларды пайдалануучуларга  жана жети пансионатка пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин негизинде мыйзам бузуулар аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 250 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды.