Жаңылыктар
Көк-Талаа - Пүлгөн жол тилкеси ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Көк-Талаа - Пүлгөн жол тилкеси ачылды

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун Баткен облусуна жумуш сапарынын экинчи күнү Кадамжай районунан башталды. Премьер өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында жүзөгө ашырып жаткан Бүргөндү өрөөнүндөгү жаңыдан өздөштүрүлгөн аймак менен таанышты. 

Андан соң 2011-жылдагы жер титирөөдөн жабыр тарткандар үчүн курулуп жаткан көп кабатуу имаратта да болуп, Көк-Талаа - Пүлгөн жолунун ачылыш салтанатына да катышты. 

Бүргөндү өрөөнүнүн экинчи этабын өздөштүрүү иштери дээрлик аягына чыкты. Эми кетмен кертими тийелек бул дың жерлерде жаңы конуштар пайда болуп, алгачкы этабында Баткен облусунун жерге муктаж 4 миң жаранына үй куруу үчүн жер тилкелери бериле баштайт. Өлкөнүн экономикасына таасир берүүчү өрөөндө жүрүп жаткан күжүрмөн иштер менен Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жеринде таанышты.