Жаңылыктар
Уулу каза болгон аял 2 саат өтпөй көз жумду
Дүйнө
Уулу каза болгон аял 2 саат өтпөй көз жумду

Американын Теннесси штатынын тургуну уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатынан эки саат өткөндөн кийин жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү NewsChannel телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Кларксвилл шаарында болуп, 63 жаштагы Кейсон Ли Уолкер туугандары менен уулу 36 жаштагы Цзайцзюань Кларкты акыркы сапарга узатуу зыйнатынан кайтып келе жаткан. Полициянын айтымында, аял рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, бетон түтүккө урунган.

Кырсыктын кесепетинен Уокер каза болуп, үч жүргүнчү ооруканага жаткырылды, экөө кийин ооруканадан чыгарылды. Жабырлануучулардын бири окуя болгонго чейин аял артында келе жаткан айдоочуну аралыкты сактабаганын айтып кыйкырып, жол берүүнү талап кылгандыгын айткан.

Маалым болгондой, маркумдун уулу мылтыктын огунан жаракат алган, ал эми полиция кылмышка шектүүлөрдү тапкан эмес.