Жаңылыктар
"Тилсиз жоону" токтотууга тик учак керек
Өзгөчө кырдаал
"Тилсиз жоону" токтотууга тик учак керек

Алдын ала маалыматтар боюнча кече күнкү көп кабаттуу үйдө чыккан өрткө, газ балондун жарылуусу себеп болушу мүмкүн. Анткени үйдүн түштүк батыш тарабындагы батирлердин биринде тартылма шыпты орнотууда газ балон колдонулганы айтылууда. 

Өрт болжол менен кечки саат сегизден өтүп чыккан. Бирок үйдүн чатырын тез аранын ичинде каптап, өрт өчүрүүчүлөр келгенде жалын алоолонуп от алып калган болчу.

Имарат бийик болгондуктан, ага суунун басымы жетпей кыйынчылыктарды жараткан. Анын үстүнө 13 кабатка чейин шатысы жете турган Кыргызстан боюнча көзгө басар бир эле техника бар. Мындан улам өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен бир нече саат күрөшүүгө туура келди.
Ал ортодо өрт газ баллондун жарылып кетүүсүнөн чыккан деген божомолдор айтылууда. Алдын ала маалыматтар боюнча батирлердин биринде жасалгалоо иштерин жүргүзүп жаткандар газ баллонду колдонушкан. Чындыгында алгач жарылуу болгонун, өрт учурунда жазылып калган бул тасмада күбө да сөз кылууда. 

Жалпысынан үйдүн 3000 чарчы метр аянты күйүп кетти. Адистер бийик имараттагы тилсиз жоону убагында токтотуп калуу үчүн тик учак алуу керектигин бул окуя дагы бир жолу далидегенин айтышууда.