Жаңылыктар
Өрт-куткаруу кызматы тарабынан 154 адам куткарылды
Өзгөчө кырдаал
Өрт-куткаруу кызматы тарабынан 154 адам куткарылды

ӨКМдин өрт-куткаруу кызматтары тарабынан 2020-жылдын 9 айында жалпысынан 154 адам куткарылган. Анын ичинен жол кырсыгынан – 70, экстремалдык абалда – 40, өрттөн – 43, көлмөлөрдөн - 1 жаран. 

Куткаруучулар тарабынан жалпысынан 741 адамга жардам көрсөтүлгөн: анын ичинен 29 адамга дарыгерге чейинки жардам, күтүүсүз жагдайга туш болгон 354 адамга жардам көрсөтүлсө, үйлөрүнүн эшиктери жабылып калган 358 адамга жардам берип, эшиктерин ачып беришкен. 

Куткаруучулар тарабынан 3076 муктаж болгон  жарандарга телефон аркылуу кеңеш берилген. Кырдаалдарга чыгуу боюнча: 135 жолу  - жол кырсыгына, 2225 - ар түрдүү кырсыктарга, 90 - сууга чөккөндөрдү издөөгө, 1740 жолу - өрт кырсыгына  чыгуу катталган.