Өлкөдө эгемендиктин 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата мунапыс жарыяланат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылды. Документ Президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.
Ага ылайык, мунапыс - жашы жете электерге, беш жылга чейин алгачкы жолу соттолгондорго, жашы 60тан жогору эркектерге жана жашы 55тен жогору аялдарга, ошондой эле 1- жана 2-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, үй-бүлөсүндө жалгыз багуучу болгондорго колдонулат.
Мындан сырткары, мунапыс боюнча өтө оор эмес кылмыш жасаганы үчүн кесилгендердин мыйзам күчүнө кирген маалда 1 жылга жакын убакыт абакта отуруу мөөнөтү калган болсо эркиндикке чыгарылат.