Жаңылыктар
Хирург Эрнист Акрамов 80 жашка толду
Ден соолук
Хирург Эрнист Акрамов 80 жашка толду

КР баатыры,КР эмгек сиңирген врачы медицина илимдеринин доктору, профессор, хирург Эрнист Акрамов 80 жашта. Белгилүү инсандын юбилейи өзү иштеп жаткан Чүй областык бириккен ооруканасында белгиленди. Иш чарада Акрамов дүйнөлүк масштабдагы белгилүү даарыгер экендиги айтылып, анын эл үчүн берилип кызмат кылуусу жаштарга өрнөк болоору айтылды.

Хирург Эрнст Акрамов  Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Бишкектеги №2-клиникалык ооруканада хирург болуп иштөө менен баштаган.1967-жылы кандидаттык, 1990-жылы докторлук диссертациясын жактаган. 1992-жылдан тартып Чүй облустук  бириккен ооруканасында эмгектенип келет.   Учурда аталган мекеменин кайра жандандыруу борборун жетектейт. 130дан ашык илимий эмгектин, 4 монографиянын жана 2 ойлоп табуунун автору. СССРдин жана ЖК депутаты болгон. Мамлекеттик сыйлыктын лаурияты, КР Баатыры ,” Ак шумкар” орденинин ээси.