Жаңылыктар
Пакистанда диний мектепте жардыруу болуп, жети адам көз жумду
Дүйнө
Пакистанда диний мектепте жардыруу болуп, жети адам көз жумду

Пакистандын Пешавар шаарында диний мектепте жарылуу болду.Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча жети адам өлүп, кеминде 70 адам жаракат алды. 

Пакистандын Пешавар шаарында диний мектепте жарылуу болуп, кеминде жети адам, анын ичинде балдар да каза болду. Ошондой эле 70 адам жаракат алды.  Бул тууралуу Reuters агенттиги ооруканалардын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Леди Рединг шаардык оорукананын маалымат катчысы жети адам каза болуп, 70 адам жаракат алганын, алардын көпчүлүгү күйүк алгандыгын билдирди. Оорукананын директору Тарик Бурки курман болгондордун төртөө балдар экендигин айтты.

"Белгисиз адамдар жарылуучу заттарды желим баштыкка салып коюшкан", - деди полиция кызматкери.

 “Пешавар полициясынын айтымында, жарылуу биринчи таңкы лекция учурунда болгон. Куткаруу кызматы жана бомбаны жок кылуу тобу жеринде иштеп жатат”,-деп айтылат маалыматта.