Жаңылыктар
Калифорниядагы өрттөрдүн айынан 100 миңден ашуун адам эвакуацияланды
Дүйнө
Калифорниядагы өрттөрдүн айынан 100 миңден ашуун адам эвакуацияланды

АКШнын Калифорния штатында токойдогу өрттүн турак жайларга жайылып кетүү коркунучунан улам 100 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Бул тууралуу The Guardian гезити  билдирди.

Маалыматка ылайык, Ориндж округунда эки токой өрттөнүп жатат. Алардын жалпы аянты 33,6 чарчы метрди түзөт. Өрттү өчүрүү үчүн буга чейин 700гө жакын өрт өчүрүүчү тартылып, алардын экөө күйүк алган.

2020-жылы Калифорнияда өрттөрдүн айынан рекорддук деңгээлдеги 16,6 миң чарчы метр күйүп ,10488 үй бузулуп, ишканалар жана башка имараттар талкаланды. Өрттөрдүн кесепетинен 31 адам каза болду.