Жаңылыктар
ЖК: депутаттар жайкы эс алууга чыгуу алдында турушат
Саясат
ЖК: депутаттар жайкы эс алууга чыгуу алдында турушат

Парламент депутаттары жайкы эс алууга чыгуу алдында турушат. Жогорку Кеңештин бул мезгилге чейинки ишмердүүлүгүнө түрдүү баа берилүүдө. 6-чакырылыш убадаларын аткарып, элге керектүү мыйзамдар кабыл алынганын да, мыйзамчылар тил табыша албай, бирдиктүү иш сезилбей жатканын да айткандар бар.

"Депутаттар жайкы эс алууга кетээр алдында, алардын ишмердүүлүгү эмнеси менен эсте калды"?- деген суроого жооп издегендер арбын. Жаңы чакырылыштын өкүлдөрү алгач мандат талаш чыры менен коомчулуктун көңүлүн бурду. Мындан улам партиялар өз ичиндеги макулдашууларды шайлоого чейин жакшылап такташып алышы зарылдыгы айтылып келет. Ал эми кабыл алынган чечимдер, мыйзамдар боюнча кандай пикирлер бар? Легендарлуу парламенттин депутаты Кубатбек Акматбеков оппозициялык азчылыктын сунуштары колдоо таппай калып жатканын эске албаганда мыйзамчылар эл пайдасына иштеп, зарыл учурда керектүү чечимдер кабыл алынганын айтат.

Оппозициялык азчылык демекчи, аларга карата да сын-пикирлер бар. Бул көпчүлүк учурда бийликтин долбоорлорун, көпчүлүк коалиция көтөргөн демилгелерди каршылыксыз кабыл алып жатышканына байланыштуу айтылат. Парламенттеги оппозиция башкаруучу альянстын долбоорлоруна альтернатива боло турган программаларды иштеп чыга албай жатканын айткан профессор Алмазбек Акматалиев, азчылыкты түзгөн депутаттардын биримдиги да ойдогудай эмес деген пикирде. 

Мындай пикирге парламенттеги оппозициялык фракциянын депутаты Мирлан Жээнчороев макул эмес. Ал бийликке сын-пикир дайым болуп келгенин белгилейт. Парламенттеги оппозициялык кадамдардын коомчулукка байкалбай жатышын көпчүлүк башкача оппозицияга көнүп калганы менен байланыштырат.

Парламенттен орун тапкан партиялардын көпчүлүгү шайлоо алдында депутаттардын жеңилдиктеринен баш тартууну убада кылышкан. Бирок, бул маселеге бүгүнкү күнгө чейин чекит коюла элек. Эл өкүлдөрү өкмөттүн курамы эки ирет тездик менен бекитилгенин ийгилик деп эсептейт. Алдыда парламентти кандай милдеттер күтүп турат? Келечекте мыйзамдарды кабыл алууга гана артыкчылык бербей, алардын сапатына көңүл буруу зарылчылыгы бар экенин айтат депутат Осмонбек Артыкбаев.

Шайланып, бирок мандатынан баш тартып же ажыратылгандардын көпчүлүгү аялдар. Атап айтсак, Эльмира Жумалиева, Чолпон Эсенаманова, Бакыт Эсенбаева, Лунара Мамытова жана Ашэра Халикова депутаттык кызматты убактылуу гана аркалап турушту. Мындан башка да айым депутаттар мандаттарын тапшырат деген кептер айтылып келет. Мыйзамда белгиленген 30 пайыздык гендердик баланс сакталган эмес. Ошондой эле жаштардын өкүлдөрү депутаттардын 15 пайызын түзүшү керек болсо, учурда 35 жашка чейинки 12 мыйзамчы же 10 гана пайызы бар. Учурдагы депутаттардын жарымынан көбү бул кызматка алгачкы ирет шайлангандар.

Калыгул Асамбаев, «Биринчи радио»