Жаңылыктар
«Кумтөр» долбоору боюнча кылмыш иши иликтенүүдө
Коррупция
«Кумтөр» долбоору боюнча кылмыш иши иликтенүүдө

Башкы прокуратура «Кумтөр» долбоору боюнча макулдашууларды түзүүдөгү коррупция иштери боюнча кылмыш ишин иликтөөнү жаңыртты. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы көзөмөл органы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, ошол кездеги Николай Танаедан баштап, Канадалык компаниялардын  мурдагы президенти Леонард Хоменюкка чейин издөө салынган. Ал арада жергиликтүү серепчилер Кумтөр чатагы боюнча, Танаев менен кошо ошол кездеги өкмөт мүчөлөрү дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин айтышууда.

Азыркы тапта Башкы прокуратура тарабынан жасалган коррупциялык кылмыштын эл аралык масштабын эске алуу менен тергөө амалдары жана эл аралык макулдашуулардын алкактарында укуктук механизмдерди пайдалануу жолу  менен ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Эксперттер бул иште Башкы прокуратура эл аралык абройлуу юридикалык компанияларды ишке тартуусу зарылдыгын белгилешет. Анткени Хоменюк өңдүү адамдар  оңой эле жеңилип калчулардан эмес-дешет алар. Кандай болгон күндө дагы өлкө кызыкчылыгына каршы түзүлгөн келишимдерди жокко чыгаруудан башка айла жоктой болуп турат. Ал эми аты аталып издөөдө жүргөндөрдүн алды бизнес менен алек болсо, башкасы майлуу-сүтүү кызматта экендигин эл аралык басыламалар жазып жүрүшөт.

М.  Абдраманова, «Биринчи радио»