Жаңылыктар
Орусияда окуган өзбекстандык студенттер өлкөгө кирүүгө уруксат берүүнү сурашты
Дүйнө
Орусияда окуган өзбекстандык студенттер өлкөгө кирүүгө уруксат берүүнү сурашты

 Орусия жогорку окуу жайларында окуган чет өлкөлүк, анын ичинде өзбекстандык студенттер жана алардын ата-энелери Орусия өкмөтүнө кайрылып, өлкөгө кирип, окууну улантууга уруксат берүүнү сурашты.

Орусиянын коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабынын төрайымы Татьяна Голикова жана тышкы иштер министри Сергей Лавровго жолдонгон ачык катта онлайн-окуу билим деңгээлине терс таасирин тийгизип жатканы айтылган.

Катка Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан , Тажикстан жана башка өлкөлөрдүн студенттери кол коюшкан.

Сентябрдын башына Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул маселе жакын арада чечилерин айткан. Бирок Орусияда коронавирустун экинчи толкуну күч алгандыктан карантин чаралары кайра катаалдашкан.