Жаңылыктар
Витаминдердин казынасы болгон ашкабак тууралуу пайдалуу маалыматтар
Ден соолук
Витаминдердин казынасы болгон ашкабак тууралуу пайдалуу маалыматтар

Окумуштуулар ушул күнгө чейин ашкабактын же жемиш экенин, же жашылча экенин так аныктай албай келишет. Бирок, алар анын болуп көрбөгөндөй пайдалуу экенин эбак иликтешкен. Мунун баарына ашкабактын витаминдерге бай жана жагымдуу даамга ээ экени себепчи.

Ашкабактын мекени Мексика болуп саналат. Азыркы маалда аталган жашылчадан эң көп даамдарды америкалыктар жасашат. Муну менен катар ар бир элде аны даярдап колдонуунун бири-бирине окшошпогон улуттук ыкмалары менен рецепттери кездешет. Муну эске алганда, организм үчүн ашкабактын маңызы дагы, данеги дагы, гүлү дагы жана жалбырагы дагы пайдалуу.

Курамы 100 г ашкабак 90 г суудан, 0,9 г белоктон, 5,9 г углеводдон, 1,2 г клетчаткадан жана органикалык кислоталардан турат. Ошондой эле анын курамында А, В1, В2, РР, В9, С витаминдери, калий, кальций, магний, натрий, фосфор макроэлементтери жана темир, йод, цинк, фтор микроэлементтери бар. Ушул эле 100 г ашкабак орточо 25 килокалорий баалуулукка ээ. Бул пайдалуулуктар организмге таасир этиш үчүн аталган жашылчаны жаңы кезинде сууга бышырылган, куурулган, бууга бышырылган, шире, пюре жана поведло түрүндө даярдап жей берүү керек.

Зыяндуулугу гастрит, ашказан жарасы жана кант диабети менен ооруп, бул дарттардан жабыркап жүргөн адамдарга ашкабак жана ашкабактан жасалган даамдарды жегенге болбойт. Себеби, аталган жашылча күчтүү кычкылдандыруучу сапатка ээ. Ал организмдин кычкыл чөйрөсүнүн тең салмактуулугун бузуп жиберет.

Орточо салмагы 3-5 кг салмактагы ашкабак нормалдуу деп саналат. Ошондой эле анын кабыгы сыйда жана жабыркабаган болууга тийиш. Ашкабактын ичиндеги маңызы канчалык ток сары түстө болсо, анда ал ошончолук жакшы болуп эсептелет. Өтө бышып кеткен ашкабактын маңызы камыр сыяктуу жана даамсыз болот. Нормалдуу бышкан ашкабакты үзүлгөн жеринин кургак  болушу дагы тастыктайт.

Саламаттыкта - уйкусуздукка кабылганда 1 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесине 2 чай кашык бал кошуп жатаарда ичип туруу керек.  Ушундай эле максатта күн сайын 2-3 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесин ичип туруу жакшы таасир берет.  Маал-маалы менен ашкабакты тамак катары даярдап жеп туруу аркылуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга болот. Ачкарын ашкабактын семичкелерин чагып жеген шартта ичегидеги ар кыл курттар жоголот. Ашкабактан жасалган даамдар кандын курамындагы холестериндин деңгээлин турукташтырат.  Ашказан-ичеги тутумунда көйгөйү барлар ашкабакты сууга бышырып жешсе болот. Бул жашылча ич катууну дагы жөнгө салат.

Ашкабактын семичкесиндеги А, В, С витаминдери жүрөктүн иштешин жакшыртууга шарт түзөт. Ал үчүн аларды кууруп, тазалап, бал менен аралаштырып, андан күнүгө эртең менен ачкарын 1 аш кашыктан жеп жүрүү керек. Ашкабактын даны ден-соолукка пайдалуу жана сиңиши оңой. Ал тамак-ашка жана кээ бир ооруларга колдонулат. Изилдөөлөргө ылайык, ашкабактын дандары адамдын денесиндеги майда жараларды айыктырат жана паразит курттардын 90 %ын жок кылат