Жаңылыктар
Филиппиндеги тайфундан 9 адам көз жумду
Дүйнө
Филиппиндеги тайфундан 9 адам көз жумду

Филиппинде күчтүү "Молаве" тайфуну кеминде тогуз кишинин өмүрүн алып кетти.Бул тууралуу Bangkok Post гезити жазып чыкты.

 Маалыматка ылайык,  көз жумган 9  адамдан сырткары дайынсыз болгон 12 балыкчы деңизде изделип жатат. Жергиликтүү бийлик курман болгондордун жана жаракат алгандардын саны дагы да өсүшү мүмкүн деп билдирди.

  70 миңден ашуун адам атайын жабыркагандар үчүн борборлордо. Ал эми  жалпысынан 900 миңден ашуун адам аба ырайынын начардыгынан жапа чекти.