Кыргызстандык Талант Дүйшөбаевдин командасы польшалык "Виве Кельче" Чемпиондор Лигасынын алкагында гандбол боюнча төртүнчү жеңишке жетишти.
Тайпалык раунддун 5-турунун беттешинде польшалык клуб франциянын ПСЖ командасын кабыл алып, 35:33 эсебинде жеңишке жетишти.
Аталган оюнда башкы машыктыруучунун уулу Алекс Дүйшөбаев 8 гол киргизди.
5 -турдун жыйынтыгында "Виве Кельче" 8 упай топтоп, турнирдик таблицада 1-орунду ээлеп турат.
29-октябрда Дүйшөбаевдин командасы "Порту" менен беттешет.