Жаңылыктар
Европа биримдиги ыдырашы мүмкүн
Дүйнө
Европа биримдиги ыдырашы мүмкүн

Британия Европа биримдиги менен уюмдан чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт. 23-июнда өткөн референдумда ага катышкандардын жарымынан көбү биримдиктен чыгууну колдоп добуш беришкен. Көпчүлүк эксперттер эми Европанын экономикасында кыйынчылык жараларын эскертишүүдө. Ал гана эмес, өткөн аптадагы көрүнүш биримдикти да, британиянын өзүн да бириндетпейби деген маселе жаралды.

23-июнда өткөн референдумда Британиянын 17410742 жараны же бул жараянга катышкандардын 52 пайызга жакыны өлкөнүн Европа биримдигинен чыгуусун колдоп добуш беришкен. Бирок, мындай көрсөткүч аймактардын ар бирине таандык эмес. Маселен, шотландиялыктардын 63 пайызы, Уельстин 53, Түндүк Ирландия калкынын 56 пайызы бириккен королдуктун уюмдун курамында калышын жактаган. Мындан улам маанилүү мүчө өлкөсүнөн ажыраган Европа биримдигинен да Британиянын өзүнүн бүтүндүгүнө байланыштуу көп суроолор жаралууда. Референдумдун жыйынтыгы чыккандан көп узабай өзгөчө макамдагы аймактарда эгемендүүлүккө байланыштуу ураандар жаңырды. Эки жыл мурда өз алдынча болууга аракет кылган Шотландияны борбордук бийлик араң кармап, курамында калтырган эле. Анда аймактагы добуш бергендердин 55 пайызы Британиянын бүтүндүгүнө колдоо көрсөтүшкөн. Көпчүлүктүн баамында эми андай көрсөткүчкө жетишүү мүмкүн эмес. Шотландиянын өкмөтүн башкарган биринчи министр Никола Старджен 23-июндагы референдумдун жыйынтыгына нааразы болуп, Британияны чоочулаткан, бирок күтүлгөндөй билдирүү жасады.

“Шотландиянын парламенти башка референдумду өткөрүү укугун алышы керек. Европа биримдигинен чыгууга добуш берүү биздин аймактын эркине каршы келип жатат. Бул олуттуу өзгөрүү. Андыктан өзүбүздө референдум өткөрүү маселеси күн тартибинде турат”.

Көпчүлүк эгер Британиянын бүтүндүгүнө доо кетсе Түндүк Ирландия өзүнө географиялык жактан ыңгайлуу болгон Ирландияга, Гибралтар Испанияга ооп кетиши да мүмкүн экенин болжошууда. Бул жакынкы аралыкта жаңы пайда боло турган эгемен өлкө жалгыз Уельс экенин билдирет. Бүгүнкүдөй шартта анын төбөлсүздүгүн Европа биримдигинин мамлекеттери дароо колдоп чыгаары айтпаса да белгилүү. Ал арада Лондондун мэри Садык Хандын өзү башкарган калааны Европа биримдигинде калтырыш керек деген билдирүүсү англичандарды ого бетер чоочулатты. Англиянын башка аймактарынан кескин айырмаланып баш калаанын тургундарынын 75 пайызы өлкөнүн уюмдун курамында калышын жактаган эле. Соңку өткөн референдум Британ премьер-министрин кызматын тапшырууга аргасыз кылууда. Девид Кэмерон октябрь айына чейин отставкага кетээрин жарыялады. Ал евроинтеграцияны жан алы калганча жактап жаткан. Референдум Британ бийлигинин сабырын сынагандай болду. Кемэрон өлкөнүн Европа биримдигинен чыгуусу Владимир Путин менен ДАЕШтин лидери Абу Бакр-аль-Багдадини бактылуу кылаарын белгиледи. Орус президенти мындай билдирүүнү саясий маданиятсыздык деп эсептейт.

“Улуу британиянын премьер-министри Кэмерон мырзанын референдум бүткөндөн кийин айткан бул билдирүүсү саясий маданияттын төмөндүгүнөн кабар берет. Ал эми референдумдун жыйынтыгынын глобалдык деңгээлдеги кесепети бар. Алгач кыйынчылык жаралып, кийин баары калыбына келет. Британиянын катардагы жарандарынын соңку чечимине эмне түрткү болгону белгилүү. Биринчиден, эч ким өз өлкөсүндө бүтүндөй бир элди баккысы келбейт. Ошондой эле коопсуздук маселелерине байланыштуу чечимдерге нааразы болуп жатышкандай. Себеби кубаттуу миграциялык процесстер курчуп жатат”.

Британиянын Евробиримдиктен чыгышы Орусияга кандай артыкчылык алып келиши мүмкүн? Буга көпчүлүктүн Кремль аталган уюмдун алсырашын каалайт деген катардагы жообу даяр. Орусияга батыш тараптан киргизилген санкциялар жеңилдеши мүмкүн экенин айткандар бар. Орус маалымат каражаттары Британиянын биримдиктен чыгышы менен Европа мамлекеттериндеги банктар ар жыл сайын 120 миллиард евронун тегерегиндеги каражаттардан кур жалак калаарын жазышууда. Өлкөнүн өзүндө болсо, эми эң көп жапа чеге турган аймак Түндүк Ирландия болоорун айткандар арбын. Анткени Бириккен Королдуктун бул бөлүгү айыл чарбага артыкчылык берип, Евро Биримдиктин программасында каралган мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып келген. Дал ушул жагдайдан улам референдумдан кийин Түндүк Ирландия эмне үчүн Британиядан бөлүнүүнү көздөп калды деген суроого оңой жооп табылат? Өлкө экономикасында канчалык маселе жаралып жатса, андагы мигранттарды да добуш берүүнүн жыйынтыгы түйшөлтүүдө. Соңку 5 жылда Европа Биримдигинин мамлекеттеринен келгендер 1 миллион 200 миңге көбөйгөнү кабарланган. Британдыктардын уюмдагы 43 жылдык тарыхына чекит коюп жатышы да дал ушул миграциялык агымга байланыштуу.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”