Жаңылыктар
«Шамбала» тасмасы Индияда өтө турган эл аралык кино фестивалга катышат
Маданият
«Шамбала» тасмасы Индияда өтө турган эл аралык кино фестивалга катышат

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Индиянын Калькутта шаарында өтө турган эл аралык кино фестивалга катышат. Фестиваль 5-12-ноябрь күндөрү өтөт. Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде жаралган бир жарым сааттык тасма Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» студиясында быйыл тартылган. 

Фильмдин дүйнөлүк премьерасы июль айында Кытайдын Шанхай шаарындагы фестивалда болду. Тасманы койгон режиссер Сүйүндүков сценарийин көптөн бери даярдап, фильмди тартыш үчүн жазуучунун макулдугун алып, далай кеп-кеңешин укканын билдирген. 

Буга чейин «Шамбала» тасмасы Орусиянын Анапа шаарындагы «Киношок» фестивалында эки сыйлык алган. Белгилей кетсек, Калькутта кино фестивалы Индиядагы эң эски фестивалдардын бири болуп эсептелет.