Жаңылыктар
Кинотеатрлардын иши жанданабы?
Маданият
Кинотеатрлардын иши жанданабы?

Эпидемиологиялык абалга карата 17-мартта жабылган кинотеатрлардын иши дагы деле жандана элек. Бул тармактын миңдеген кызматкерлери 8 айдан бери ишсиз отурат. Буга байланыштуу Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өкмөттүн аппаратына кат жөнөттү.

3 баланын атасы Аскат 13 жылдан бери киномеханик болуп эмгектенет. Каарманыбыз дагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу жумушсуз калгандардын катарында. Кинотеатрлардын убактылуу жабылышы 8 айдан бери үйдө ишсиз отурууга аргасыз кылды. 

Каарманыбызга окшоп ишсиз калгандар миңдеп саналат. Азыркы тапта бул кинотеатрдын 145 кызматкери жумушсуз отурат. Компания алгачкы 2 айда кызматкерлеринин эмгек акысын жарым-жартылай төлөп, жардам кылганы менен азыркы тапта ал да токтогон. Узак убакытка чейин созулуп токтоп калган тармак дасыккан кадрларын жоготуу алдында.

Кинотеатрлардын жумушчулардын маянасынан тышкары, банктар жана башка мекемелер алдындагы каржылык милдеттенмелери, күнүмдүк чыгымдар дагы бар. Буга байланыштуу тармактын адистери ишти жандантууга өкмөттүн уруксатын күтүүдө. 

Опурталдуу абалга карата 17-мартта жабылган кинотеатрлардын ишинин жанданышы боюнча Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өкмөттүн аппаратына кат жөнөткөн. Айтымында, мындан башка бардык тармактардын иши эчак эле жанданган. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги кинотеатрларды ачуу мүмкүн, бирок ошол эле учурда күчөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо керектигин билдирди. Буга чейин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан кинотеатрлардын иштеши боюнча алгоритм иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, былтыр республиканын кинотеатрларынан бюджетке 100 млн сомдой каражат түшкөн.