Жаңылыктар
Кыргызстан чет өлкөгө 825,4 тонна малдын ич этин сатты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан чет өлкөгө 825,4 тонна малдын ич этин сатты

Январь айынан баштап августтун аягына чейин Кыргызстан чет өлкөгө малдын 825,4 тонна малдын ич этин сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында жазылган.

Экспорттолгон ичеги-карындын жалпы суммасы дээрлик 50 миллион сомго же 669 миң долларга бааланган. Малдын ич этин Вьетнам — 363,7 тонна, Гонконг — 419,9 тонна, Мьянма — 22 тонна, Түркия —19,8 тонна сатып алган. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 740,6 тонна ичеги-карын сатылган болчу. Бирок түшкөн каражаттын суммасы көп төмөндөгөн эмес, сом менен 48,5 миллионго азайган деген менен, доллар менен эсептегенде 695,4 миңди түзөт. Былтыр Вьетнамга 700 тонна, калганы Мьянма менен Казакстанга экспорттолгон.