Жаңылыктар
Улуттук “Кыргызтест” эл аралык стандартка ылайыкташууда
Билим
Улуттук “Кыргызтест” эл аралык стандартка ылайыкташууда

Улуттук “Кыргызтест” эл аралык стандартка ылайыкташууда. Бул тууралуу Ысык–Көлдүн Бостери айылында өткөн  эл аралык семинардын жүрүшүндө сөз болду. Россия Федерациясы, Казакстан жана Кыргызстандын тил билүү деңгээлин аныктоо боюнча  тест түзүүчү  адистер, “Кыргызтест” түзүмүнүн жаңы талаптарын талкуулап, иштеп чыкты. Окуу курсунан өткөн адистер, 2017-жылы баштала турган расмий тесттерин түзүүгө катышат.            

Семинардын катышуучулары белгилеп жаткандай, тил билүү деңгээлин аныктоочу  Кыргызстанда “Кыргызтест” жана  Казакстанда “Казтест” түзүмүнөн артык, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө багыттай турган ийкемдүү жол азырынча жок. Адистердин айтымында “Кыргызтест” түзүмү тил билүү деңгээлин аныктоо менен гана чектелбестен, мектеп  окуучулары, мугалимдерден тартып, мамлекеттик кызматкерлерге чейин, тил үйрөнүүнүн жаңы ыкмасын өздөштүрүүгө жардам берүүдө. Биз буга чейин айталы кыргыз же орус тилин  үйрөнүү учурунда: угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, окуп түшүнгөнүн айтып берүү , сүйлөй билүү  жана  жаза билүү  талаптарын  аткаруу керектигин окутуу программасында  эске албай келет эмеспизби. “Кыргызтест” түзүмү тил билүү деңгээлин мына ушул багыттагы тапшырмалар менен аныктай турганын жалпыга жеткирүү максат болууда. 

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”