Жаңылыктар
Германияда карантин жарыяланды
Дүйнө
Германияда карантин жарыяланды

Германиянын канцлери Ангела Меркел өлкөдө коронавирус оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу "чектелген карантин" киргизилип жаткандыгын айтты. Бул тууралуу Deutsche Welle билдирет.

Жаңы чаралар 2-ноябрда күчүнө кирет. Ага байланыштуу, үйдөн тышкары калууга бир үйдүн жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн, эң көп дегенде он кишинин катышуусу менен гана уруксат берилет.

Мындан тышкары, ушул убактан баштап театрлар, кинотеатрлар, фитнес борборлор, сулуулук салондору, мейманканалар жана коомдук тамактануу жайлары жабык болот.

Ангела Меркель айтып өткөндөй, бул чаралар "декабрь айында коомдук жашоону жандандыруу" үчүн зарыл. Ноябрь айынын ортосунда бийлик чектөөлөрдүн жыйынтыгын талдап чыгып, керек болсо аларды жөнгө салат.

Акыркы маалыматтар боюнча, Германияда коронавирустун 463 миң учуру катталып, 328 миң адам айыгып, 10 миңи көз жумган.