Жаңылыктар
Футзалчылар Тажикстан жана Өзбекстандын курама командалары менен ойнойт
Спорт
Футзалчылар Тажикстан жана Өзбекстандын курама командалары менен ойнойт

Амиржан Мукановдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын футзал боюнча улуттук курама командасы окуу-машыгуу жыйындарын баштады. Машыгуу жыйындары үч этап менен Чолпон-Ата жана Бишкек шаарында 15-ноябрга чейин болот.

Kfu.kg билдиргендей, машыгуу жыйындарынын алкагында Өзбекстан жана Тажикстан курама командалары менен жолдоштук беттештер өткөрүлөт. Биздин команда Өзбекстандын курама командасы менен 17 жана 18-ноябрда Ташкент шаарында беттешет. Ал эми Тажикстандын курама командасы менен  Худжанд шаарында 21-22-ноябрь күндөрү өтөт.