Жаңылыктар
Жогорку Кеңештеги орун алмашуулар, пикир келишпестиктер
Саясат
Жогорку Кеңештеги орун алмашуулар, пикир келишпестиктер

Мандатынан ажыраган депутаттардын маселеси Парламентин жалпы жыйынында чечилбей келет. Эскерте кетсек, бул жума жаңыргандан Жогорку Кеңеште орун алмашуу активдүү жүрүүдө. "Кыргызстан" фракциясы эки депутатын мандатынан ажыратса, Ата-Мекенден Жоомарт Сапарбаев өз арызы менен ордун тапшырган. 

Сапарбаевдин айтымында, анын мындай чечим кабыл алышында эч кандай саясат жок жана ал мындан ары жеке иштери менен алек боло турганын ырастады. Маалыматтар боюнча Жоомарт Сапарбаевдин ордуна партиянын тизмеси боюнча Абдимуктар Маматов келет.

Ал эми, Жыргалбек Саматов башка өлкөнүн жараны эместигин 2-жолу соттон далилдеп,  парламентте ант бергенине карабай фракциядан чыгып калды.
Жогорку Кеңештеги алмашуулар жана фракция ичиндеги келишпестиктери тууралуу Улан Бакировдун материалында: