АКШнын Луизиана штатынын жээгинде "Зета" ураганы болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Урагандын эпицентри Жаңы Орлеандан 100 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Шамалдын ылдамдыгы саатына 175 чакырымды түзөт. Ураганга экинчи кооптуулук категориясы берилди.
Маалыматтарга караганда, штат быйыл акыркы 15 жылдагы рекорддук сандагы бороон-чапкынга учурады.
Өлкөдөгү энергия менен камсыздоо боюнча кырдаалды көзөмөлдөгөн порталдын маалыматына караганда, Луизиана штатында 334 миң адам электр энергиясыз калды.