Жаңылыктар
Москвада «Интеграция: Өнүгүү стратегиясы" аттуу бизнес-форум болуп өттү
Экономика
Москвада «Интеграция: Өнүгүү стратегиясы" аттуу бизнес-форум болуп өттү

Москва шаарында «Интеграция: Өнүгүү стратегиясы" аттуу бизнес-форум болуп өттү. Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча коллегиясынын мүчөсү Сергей Глазьевдин айтымында, ЕАЭБдин каржы рыногун өнүктүрүү үчүн бирдиктүү каржы көзөмөлүн түзүү керек. Негизги милдет - каржы рыногун ыңгайлаштырып, улуттук валюталарда каржылык операцияларды жүзөгө ашырууга жетишүү. 

Пандемия учурунда жарандардын жашоосунда, ошондой эле жалпы мамлекетте дагы, бардык чөйрөдө санариптик технологиялар жигердүү колдонула баштады. Бизнес жана мамлекеттик кызматкерлер бул коррупцияны түп-тамыры менен жок кылат - деп ишенет. ЕЭК Коллегиясынын дагы бир мүчөсү Олег Панкратов катышуучуларга Биримдиктин мүчө мамлекеттеринде санариптик бажыны калыптандыруу Концепциясынын долбоорунун даярдыгы жөнүндө айтып берди, аны кабыл алуу 2021-жылга пландаштырылууда. 

Панкратовдун айтымында, санариптик бажы системасы жөн эле жаңы ыкма болбостон, жаңы модель, ал бажы администрациясын уюштуруунун жаңы философиясы.