Кальян ошондой эле өмурдү кыскартып, өлүмгө эрте жетелей турган зыяндуу жактары да бар дешет адистер .
XXI кылымдын жаштарын арбаган кальянды буга чейин көпчүлүк кафе-барларда , колдонуп келсе, эми көл жээгине барган эс алуучу да бул каражаттан кыя өтпөй калгандай. Бирок, анын зыяндуу жактарын эч ким капарына алып да койбойт. Кальян - фильтирленген суусу бар узун желим түтүкчөдөн турган, тамеки чегүү үчүн колдонулуучу аспап. Кальяндын тамекиден бир өзгөчөлүгү аны чеккенден кийин оозго жагымсыз жыт келбейт жана кийимге сиңип, көпкө чейин сасыбайт. Тамеки чеккенде түтүн өпкөгө түз барат. Ал эми кальян болсо, түтүндү суу аркылуу чыпкалап ага кошумча сууга кошулган шарап даам берип, анан өпкөгө өткөрөт. Жөнөкөй тамеки чеккен киши менен кальян чеккенди салыштыра келсек кальян чеккен адам көп түтүн жутат. Мисалы, тамеки чеккенде 5-7 мүнөттүн ичинде 0,5-0,6 литр аба түтүн жутса, кальян чеккен адам 100-200 жолу дем алып он үч, он төрт эсе көп түтүндү өпкөсүнө батырат. Ошондой эле көпчүлүк менен кошо кальян чеккендин дагы зыяндары бар. Биринчиден , аны чегип жаткан кишиге караганда жанында отурган киши түтүндү көбүрөк жутат. Экинчиден, он киши отурса он жолу, жыйырма киши отурса жыйырма кишинин оозуна кирип чыккан түтүктөгү шилекей аркылуу ар кандай жугуштуу оорулар тарашы мүмкүн. Ал эми сапаты начар кальян туш келип калса же болбосо өз ченеминен көп чегип алса ал ууланууга алып келет. Аны көп колдонуу бара-бара өпкө рагына же болбосо башка онкологиялык ооруларынын пайда болушуна түрткү берет. Кальяндын түтүнү менен организмге жогорку өлчөмдөгү ис химиялык канцерогендик кошулмаларды кабыл алат.
Жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылып, бул оорусу бар ата-энеден төрөлгөн балдардын салмагы аз болуп атүгүл тукумсуз да болуп калышы мүмкүн. Мындан тышкары ар кандай коркунучтуу вирустутарды, ВИЧти жугузуп алышы ыктымал. Кальянда төмөнкү сапаттагы тамеки колдонулат. Ал дем алуу органдарын гана дүүлүктүрбөстөн , аллергияны чакырат. Андыктан бул зыяндуу адаттан оолак болууну адистер эскертишет.