Жаңылыктар
Министр Тилек Токтогазиев «Кайыңды Кант» ААК менен жеринен таанышты
Айыл чарба
Министр Тилек Токтогазиев «Кайыңды Кант» ААК менен жеринен таанышты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Чүй облусунун Панфилов районундагы «Кайыңды Кант» ААК менен жеринен таанышып, кызматкерлери менен пикир алышты.

Иш сапарда Министр Т.Токтогазиев «Кайыңды Кант» заводунун кант кызылчасынын кабыл алуу жана заводунун иштөө процесси менен таанышты.

Иш сапарда «Кайыңды Кант» ААКнун жетекчиси Шалюта Александр Васильевич темир жолдун тарифин азайтып берүүнү суранды министрден. Мындан сырткары өткөн жылы кум шекердин баасы арзан болгондуктан 2020-жылы кант кызылчасынын себүү аянты азайганын билдирди.

Министр Т.Токтогазиев «Кайыңды Кант» заводунун көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө аракет кылаарын билдирди.