Жаңылыктар
Өлкөнүн түштүк аймагында жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Өлкөнүн түштүк аймагында жер титирөө катталды

2016-жылдын 26-июнунда КР Сейсмология Институтунун берген маалыматы боюнча, саат 17:16да 6-7 баллга жеткен жер титирөө катталды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жер титрөөнүн очогу Кыргызстан, Тажикстан жана Кытай чек араларынын ортосунда Алай тоо кыркаларынын аркасында Нура айылынан 35 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Ош облусунун аймагында 4-5 балл, Баткен облусунун аймагында 3,5 - 4 балл жана Нура айылында 6 балл жер титирөө катталган. Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.