Жаңылыктар
Ош облусунда табият кырсыктарын алдын алуу үчүн 124 объекте иш жүргүзүлөт
Өзгөчө кырдаал
Ош облусунда табият кырсыктарын алдын алуу үчүн 124 объекте иш жүргүзүлөт

Ош облусунун аймагында 2020-жылы аткарылуучу "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" мерчеминин негизинде жалпы-100 объект (анын ичинен 81 объектини ӨКМ, 19 объекти Жарандык коргонуу кызматы аткаруу каралып), андан сырткары 24 объект мерчемге кошумча киргизилип, жалпы 124 объект.

2020-жылдын 28-октябрына карата

-87-объект бүттү(69м.18к),

-10-объектиде жумуш жүрүүдө (8м,2к),

3467 турак жай, 1224 га айыл чарба жери, 3 мечит, 7 мектеп,1 стадион, 3 ФАП, 6 садик, 6 көпүрө, 4533 жаран жол менен  камсыз болду,  25 чакырым ички жолдор корголду жана 28 турак жай таза суу менен камсыз болду.

Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан аталган техникалары жардамы менен жумуш жүргүзүлүүдө.

Кара-Кулжа району:

-1 даана бульдозер техникасы менен Ылай-Талаа айыл аймагынын Кара-Дөбө, Бакбас, Жийже, Ак-Ой айылдарындагы ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүүдө.

Араван району:

-1 даана экскаватор, 1 даана жүктөгүч жана 1 даана самосвал техникалары А.Анаров айыл аймагынын Жаны-Араван айылындагы Пахта-Дөбө участкасында Араван-Сай дарыясынын оң жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүүдө.

Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагынын Кызыл-Туу айылындагы Кызыл-Суу дарыясынан коргоо максатында иш чара жүрүп жатат КР ӨКМ тарабынан күйүүчү май жана габион торчо бөлүнүп берилди 120метр аралыка дамба куруу иш чарасы аткарылууда.