Жаңылыктар
Кант шаарында күзөтчүнү сабап, банкоматты түн ичинде тоноп кеткендер кармалды
Кылмыш
Кант шаарында күзөтчүнү сабап, банкоматты түн ичинде тоноп кеткендер кармалды

Бет капчан белгисиз адамдар түнкү саат 3:00дөр чамасында банкоматты талкалап, 1 400 000 сомду алып из жашырган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Окуя 21-октябрда болгон. 

Райондук милиция издөө иштерин жүргүзүп, тоноо болгон имараттагы адамдар суралып, тегеректеги коюлган камералардагы видеолор тыкыр текшерилген. Бир нече күндөн кийин кылмышкерлер табылып, шектүү делген 35, 28 жана 21 жаштагы жарандар Бишкек шаарынан колго түшкөн. Кармалгандар кылгандарын моюнга алып, ал тоноодон башка Ысык-Ата районунун аймагында дагы бир катар чоочун бирөөлөрдүн мүлкүн уурдоо кылмыштарына катышкандыктарын айтып беришкен. Учурда алар аталган райондун милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.