Жаңылыктар
Түркия менен Грециянын ортосундагы Эгей деңизинде катуу жер титирөө болду
Дүйнө
Түркия менен Грециянын ортосундагы Эгей деңизинде катуу жер титирөө болду

Түркия менен Грециянын ортосундагы Эгей деңизинде катуу жер титирөө болду. Расмий маалыматтар боюнча суу ташкынынан кеминде 19 адам каза болуп, 700дөн ашык адам жаракат алган.

АКШнын Геологиялык агенттигинин маалыматы боюнча 30-октябрдагы силкинүүнүн магнитудалык күчү жети баллга жеткен. Измир шаарында бир топ имарат кыйрап калган. Мындан тышкары зилзала Стамбул, Бурса сыяктуу ири шаарларда гана эмес, Грекиянын Самос аралында кеминде төрт адам жаракат алган.

Измирдин губернатору Явуз Селимдин айтымында, кыйраган имараттардан кеминде 70 адам куткарылды, алардын төртөө талкаланып, 10дон ашыгы кулаган. Чет элдик маалымат агенттиктери билдиргендей, издөө-куткаруу иштери кеминде 17 имаратта жүргүзүлдү.