Жаңылыктар
БШК президенттик шайлоону өткөрүү планын жарыялады
Шайлоо 2023
БШК президенттик шайлоону өткөрүү планын жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоону уюштуруу боюнча календардык планын жарыялады. 

БШКнын расмий сайтында жарыялангандай, 10-ноябрга чейин www.tizme.gov.kg сайтында шайлоочулардын баштапкы тизмеси жарыяланат. 18-ноябрга чейин тиешелүү добушканаларда тизмелер илинет. Шайлоочулар сайттан же такталардан өзүнүн маалыматтарын текшерип алса болот. Так эмес же ката кеткен учурда жарандар 29-декабрга чейин өз шайлоо тилкесине кайрылууга укуктуу. Мында ал «№1 форма» үлгүсүндөгү арыз менен идентификациялык картасынын, ал жок учурда жалпы жарандык, кызматтык же дипломаттык паспортунун көчүрмөсүн алып келиши кажет. Шайлоочу сөзсүз түрдө биометрикалык каттоодон өтүшү шарт. «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн адамдар 14-ноябрга чейин БШКга арыз бериши керек.

Талапкерди колдогон кол тамгалар 3-декабрь, түнкү саат 24:00гө чейин кабыл алынат. Андан ары жети күн кол тамгалардын тактыгы текшерилет. Талапкер өзүн-өзү көрсөткүндүгү арыз же партиянын сунуш протоколун, өмүр-баянын, паспортунун көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалымдама, күрөөнү төккөндүгүн ырастаган документ, мамлекеттик тилди билгендиги боюнча сертификатты 6-декабрга чейин алып келиши керек. БШК жети күндүн мөөнөттө документтерди текшерип арыз берген адамды талапкерликке каттайт же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Документтерде туура эмес жагдайларды талапкерге 24 сааттын ичинде кабарлайт, ал аны 48 сааттын ичинде оңдоого укуктуу. Президенттикке талапкерлерди каттоо 14-декабрда аяктайт. Андан кийин эки күндүн ичинде талапкерлерге тиешелүү күбөлүк берилет. Үгүт өнөктүгү талапкерлерди каттоо аяктаган күндөн кийин, башкача айтканда 15-декабрдан башталат жана добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда бүтөт. Добуш берүү күнү - 10-январь.