Жаңылыктар
Улуттук банк акыркы жарым жылдыктагы эң ири интервенциясын жасады
Экономика
Улуттук банк акыркы жарым жылдыктагы эң ири интервенциясын жасады

Октябрь айында Улуттук банк доллар сатуу үчүн эки жолу интервенция жасады. Натыйжада, базарда 59,5 миллион доллар сатылды.

Белгилей кетсек, Улуттук банк 15-октябрда интервенция жасап, 17,1 миллион долларды саткан. Андан кийин доллар республикадагы туруксуз кырдаалга жана эл аралык которуулардын чектелишине байланыштуу кескин көтөрүлдү. Интервенциянын аркасында кырдаал кыска мөөнөткө турукташты.

Бирок өткөн жумада доллар кайрадан кескин көтөрүлүп, 82 сомдун деңгээлине жакындады. Бул Улуттук банкты өткөн жумада кайрадан кийлигишүүгө аргасыз кылып, рекорддук суммасы 42,4 миллион долларды саткан. Бул акыркы жарым жылдагы эң ири интервенция.