Жаңылыктар
Кыргызстан тышкы карыздын төлөө мөөнөтүн узартууну суранууда
Экономика
Кыргызстан тышкы карыздын төлөө мөөнөтүн узартууну суранууда

Кыргызстан тышкы карызынын быйыл төлөй турган төрт миллиард сомдон ашуун каражатынын төлөө мөөнөтүн узартууну суранып жатат. Бул боюнча донорлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын Финансы министрлиги кабарлады. 

Министр Кыялбек Мукашев өкмөттүн жыйынында билдиргендей, кыргыз өкмөтү карыз акчаны жеңилдетилген мөөнөттөн кийин төлөй баштоону сунуш кылууда. “Биз бүгүнкү күндө Париж клубу жана донорлор менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. 4,1 миллиард сомго жакын акчаны кийинки жылдарга жылдыруу боюнча келишимдер азыр каралууда. 

Быйыл, эмдиги жылы бизге жеңилдетилген мөөнөт болот. Кийинки үч жылда быйыл артка жылдырган карыз акчабызды төлөп берет элек”,- деди ал. Финансы министрлигинин соңку маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы, тышкы жана ички карыздарды кошкондо, 378 миллиард сомду түзөт. Анын 86,6% тышкы карыз жана бул сумма 328 миллиард сомго барабар.