Жаңылыктар
КТРК Спорт көк бөрү боюнча КР президентинин Кубогунун бардык беттештерин көрсөтөт
Спорт
КТРК Спорт көк бөрү боюнча КР президентинин Кубогунун бардык беттештерин көрсөтөт

3-ноябрда, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу старт алат.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт. Мелдештерди КТРК Спорт телеканалынын түз эфиринен көрсөңүздөр болот.
Белгилей кетсек, Кубоктун алкагында ат чабыш, эр эңиш, салбуруун боюнча мелдештер өтөт.

Мелдештердин программасы:
3-7-ноябрь – көк бөрү боюнча алдын-ала беттешүүлөр;
7-ноябрь – көк бөрү боюнча 3-орун үчүн мелдеш, эр эңиш, салбуурун боюнча мелдештер;
8-ноябрь – көк бөрү боюнча финалдык мелдештер, эр эңиш, салбуурун, ат чабыш боюнча мелдештер.