Жаңылыктар
Т.Батыралиев сибирь жарасы боюнча маалыматты төгүндөдү
Ден соолук
Т.Батыралиев сибирь жарасы боюнча маалыматты төгүндөдү

Саламаттыкты сактоо министри Батыралиев WhatsApp аркылуу жана социалдык тармактарда тарап жаткан сибирь жарасы боюнча маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында сибирь жарасы Кыргызстанда катталды деген маалымат жөн гана провокация. Ал эми республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев, жыл башынан бери сибирь жарасы дарты менен бир да жаран бейтапканага жата электигин айтты. 

Мындан тышкары башкы санитардык дарыгер Олег Гориндин маалыматы боюнча учурда сибирь жарасы же күйдүргү илдети боюнча адам өмүрүнө коркунуч жаралган эч бир факт катталган жок. Өлкө аймагындагы жагдай туруктуу жана көзөмөлдө турат. 

Акыркы кырдаалдар боюнча изилдөө иштери көрсөткөндөй, күйдүргү илдети өткөн жумада, Кыргызстандын чек арасынан миң чакырым алыстыкта жайгашкан, Казакстандын Эркиндик айылында катталган.