Жаңылыктар
Ветеринардык көзөмөл күчөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ветеринардык көзөмөл күчөтүлдү

Казакстанда чыккан сибирь жарасы боюнча абалга байланыштуу, Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы мамлекеттик чек арада көзөмөл ишин күчөттү. 

Учурда кыргыз-казак чек арасында ташылган мал жандыктардын эти катуу текшерүүгө алынып жатат. Ал ортодо Кыргызстандагы тиешелүү кызматтар Казакстан менен Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылып, илдетке кабылышы мүмкүн деген шектүү продукцияны ташыганга тыюу салган чараларды күчөтүү боюнча атайын билдирүүлөрдү жөнөттү.