Жаңылыктар
Кытайда жалпы өлкө аймагында эл каттоо башталды
Дүйнө
Кытайда жалпы өлкө аймагында эл каттоо башталды

Кытайда жалпы өлкө аймагында эл каттоо башталды. Мындай эл каттоо өлкө тарыхында 7чи ирет өтүп жатат. Анда 7 млн адам жумушка тартылып, ар бири 250гө жакын адамды каттоого алышы күтүлүүдө. 

Бул жолку эл каттоодо Кытайдын админстративдик аймактары — Гонконг, Макао, Тайвандын да тургундары эсепке киргизилет. Ошондой эле чет өлкөдө жүргөн кытайлык дипломаттар, студенттер жана Кытайдын өзүндө жарым жылдан көбүрөөк жашап жаткан чет элдиктер да каттоого алынмакчы. 

Эл каттоонун максаты бир гана калктын санын аныктоо эмес, өлкөдө канча аял, канча эркек бар экени, жумуш менен камсыздалышы жана жашы тууралуу да статистика топтолот. Бул иш-чара 10-декабрга чейин созулат. Кытайда калкты каттоого алуу алгач ирет 1953-жылы өткөрүлгөн. Анда Кытайдын калкы 600 млн болгон. 

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кытай калкынын саны 1 млрд 400 миллиондон ашык деп эсептелген. Буга Кытайдын админстративдик аймактары болгон Гонконг, Макао жана Тайвандын калкынын саны кирген эмес.