Жаңылыктар
Германияда кайрадан катаал карантин чаралары күчүнө кирди
Дүйнө
Германияда кайрадан катаал карантин чаралары күчүнө кирди

Германияда кайрадан катаал карантин чаралары күчүнө кирди. Ресторан, бар, кинотеатрлар ишин токтотту. Бир нече күн мурун Францияда дагы ушундай чаралар киргизилген эле.

Батыш Германия шаары Кёльндеги спорт сүйүүчүлөрү спорт залда акыркы ирет машыгып жатат. Анткени дүйшөмбүдөн тарта кайрадан катаал чектөө чаралары күчүнө кирди. Өткөн аптада немец бийлиги төрт апталык карантин кирсин деп чечим чыгарган. Ресторан, бар, кинотеатр, теарт, фитнес-борборлор жана башка коомдук жайлар жабылды.

Биринчи толкунга салыштырмалуу бул жолу ресторандар тамакты жеткирип берүү менен иштеп, азык-түлүк дүкөндөрү, мектептер ачык болот. Акыркы чектөөлөр машыгуу залдарына баргандардын нааразычылыгын жараткан эле.

Өлкөдө карантин күздүн ортосуна чейин созулат. Коомдук жайларда ондон ашык адам чогулушуна, кечелерди уюштурууга болбойт. Мейманканаларга туристтерди кабыл алууга тыюу салынат, алардын кызматынан жарандар иш сапарына чыккан учурда гана пайдалана алышат.