Жаңылыктар
"Ысык-Көл" аэропорту 1-июлдан тарта Орусия менен Казакстандан келген конокторду кабыл ала баштайт
Туризм
"Ысык-Көл"  аэропорту 1-июлдан тарта Орусия менен Казакстандан келген конокторду кабыл ала баштайт

1-июлдан тарта "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту Орусия менен Казакстандан келген конокторду кабыл ала баштайт. Ошондой эле, Ош-Тамчы-Ош каттамы жума жана жекшемби күндөрү иштейт. Учурда Алматыдан эс алуучулардын калың тобу келиши күтүлүүдө. Жайкы туристтик мезгилде Казакстандагы авиакомпаниялардын бири Кыргызстан менен тыгыз иштегени жатат. 

Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында "Ысык-Көл" аэропорту бардык талаптарга ылайык жасалып бүтөт. Бул иштердин бардыгы август айынын ортосуна чейин жасалып бүтөт деп пландалууда. 

Андан соң аэропорт учактарды күнү-түнү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал эми учуп-конуучу тилкенин дагы 1800 метрге узартылышы ири аба учактарын кабыл алууга шарт түзөт.