Жаңылыктар
Премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна барып, эл менен жолугушту
Аймак
Премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна барып, эл менен жолугушту

Түштөн кийин Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна барып, эл менен жолугушту. Жергиликтүү калк тарабынан социалдык багыттагы бир нече суроолор берилип, бир топ маселе жеринде чечилди. Өз кезегинде Садыр Жапаров чогулган элге учурдагы абалдан чыгуу, мамлекетти өнүктүрүү багытындагы иш аракеттери, максаттары боюнча маалымат берип, эл ишенимин актай турган келечек кадамдары менен бөлүштү.

Элдин талабы - бул адилеттүүлүк, айрыкча сот акыйкатсыздыгы жарандарыбызды кыйнап бүттү. Өтө бийик квалификациялык талаптар коюлуучу сот системасында: сабатсыз, күн карама адамдар иштеп жатат. Муну айткан Садыр Жапаров сот жана укук коргоо органдарын реформалоого жетишебиз деди. Ошондой эле курултай системасын киргизүү маселеси каралып жатканын билдирди.