Жаңылыктар
Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКнын карамагына өткөрүү пландалууда
Чек ара
Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКнын карамагына өткөрүү пландалууда

Улуттук коопсуздук чек арадан башталат. Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин карамагына өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарында эл менен жолугушуп жатып айтты.

Чек ара коопсуздугун тейлеген мекеме УКМКнын курамынан бөлүнүп чыкканына 8 гана жыл болду. Ага чейин эки мекеме бир болчу. Эми болсо аларды кайрадан кошуу аракети көрүлүүдө. Адистердин айтымында чек ара коопсуздугу союз убагынан бери эле улуттук коопсуздук кызматынын курамында болгон.