Жаңылыктар
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аудиокитеп түрүндө жарыкка чыкты
Маданият
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аудиокитеп түрүндө жарыкка чыкты

Эми Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окурмандар аудио китептери аркылуу уга алат. Долбоордун жетекчиси белгилүү теле алпаруучу жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова. Айтматовдун аудиокитептер жыйнагына “Жамийла”, “Кылым карытар бир күн”, “Биринчи мугалим”, “Кыямат”, “Атадан калган туяк” чыгармалары камтылды. 

Бул жыйнакта 30 дан ашык артисттер үн коштоду. Аудиокитептерди интернеттен табууга болот.